Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунда жол боюндагы мыйзамсыз объектилерди жоюу иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объектилерин (анын ичинде соода жайларын) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кадамжай районунда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы 351 мыйзамсыз объект аныкталып, алардын ичинен 296 объект бузулду. Калган 51 объекттин ээлерине эскертүүлөр берилди, ал эми 4 иш сотко өткөрүлүп, тиешелүү мекемелер менен биргеликте күн сайын иштер жүргүзүлүп жатат.

Аталган иштердин алкагында бүгүн Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу Орозбеков айыл аймагындагы Ак-Кыя чек ара өткөрмө бекетинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда аким ошол аймактагы мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөп, тиешелүү мекеме өкүлдөрүнө конкреттүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, аким Ош–Баткен–Раззаков багытындагы эски жолдун боюнда жайгашкан мыйзамсыз коммерциялык объекттерди бузуу, жол тилкесин кеңейтүү жана иретке келтирүү иштеринин жүрүшүн дагы көзөмөлдөп, ошол жердеги такси айдоочулары менен да жолугушуп, айдоочулардын сунуш-пикирлери угулуп, алардын иш шарттарын жакшыртуу багытында тийиштүү мекеме иш кана жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Район жетекчилиги бул багыттагы иштер мындан ары да туруктуу негизде улантыларын белгилеп, мыйзамдуулукту камсыз кылуу – жарандардын коопсуздугу менен жашоо сапатын жогорулатуунун негизги шарттарынын бири экенин баса белгиледи.