Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылында жүргүзүлүп жаткан асфальттоо иштери менен жеринен таанышып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү боюнча кабар алды.
Иш сапардын алкагында аким жол куруу иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө иштерди өз мөөнөтүндө жана жогорку сапатта бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин укту.
Белгиленгендей, жолдорду асфальттоо айылдын инфраструктурасын жакшыртууга, калктын жашоо шартын жеңилдетүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы мындай иштерди мындан ары да улантып, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.







