Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунун аймагында "Улуттук тазалык күнү" белгиленип өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305-жарлыгына ылайык, Кадамжай районунун аймагында "Улуттук тазалык күнү" белгиленип өтүүдө.
Бул иш-чара 2023–2025-жылдарга тиричилик калдыктары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты – айлана-чөйрөнү таза сактоо, калктын санитардык маданиятын жогорулатуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.
Ушул максатта район аймагындагы мекеме-ишканалар, билим берүү уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы райондук ишембиликке активдүү катышып, аймактарды таштандылардан тазалоо, жол жээктерин иретке келтирүү иштерин аткарышууда.












