Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Бүгүн, 2026-жылдын 15-августунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү тапшырмаларынын негизинде Кадамжай районунун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө район аймагындагы мекеме-ишканалардын айланалары, көчөлөр жана негизги унаа жолдорунун жээктери тазаланып, көрктөндүрүү жана санитардык тазалык иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, айыл аймактардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар активдүү катышышты.
Тазалыкты сактоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу жана коомдук жайларды таза кармоо — ар бир жарандын жоопкерчилиги.


















