Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылында милициянын жаңы таяныч пунктунун курулушу башталды

Бүгүн, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Кызыл-Коргон айылында Ж.Садиров атындагы Бүргөндү милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн 24 таяныч пунктунун жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу жана Кадамжай РИИБдин начальниги, милициянын полковниги Болотбек Кундузов тарабынан расмий ачылды.
Курулуп жаткан жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берип, милиция кызматкерлеринин иштөөсү жана жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Жалпы узундугу 27 метр, туурасы 17 метр болгон имарат 6 бөлмөдөн туруп, кызматтык жана күнүмдүк иш-аракеттерди сапаттуу аткарууга ылайыкташтырылат.
Капсула салуу аземине жергиликтүү мамлекеттик органдын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери жана айыл тургундары катышып, бул курулуш долбоору коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана аймактык милиция бөлүмчөсүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого зор салым кошоорун белгилешти.
Белгилей кетсек, Ж.Садиров атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсү Ак-Турпак жана Молдо-Нияз айыл аймактарын тейлеп, жалпы 28 миңден ашуун калктын коопсуздугун көзөмөлдөп келет.