Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө иш сапары менен барып, аппарат кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык абалы жана актуалдуу маселелер талкууланып, аларды чечүү боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле аппараттык кеңешме өткөрүлүп, кызматкерлерге милдеттерди так аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.