Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунун башчысы-аким Баяке уулу Болоткан бүгүн жаштарды кабыл алды.

Аким Баяке уулу Болоткан бүгүн Кадамжай жаштар кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алып, жаштардын демилгелери, алардын коомдук иштерге катышуусу жана аймактагы жаштар саясатынын өнүгүүсү тууралуу пикир алышты.
Жолугушууда жаштар лидерлери райондогу жаштардын маселелерин, алардын билим алуусу, ишкердикти өнүктүрүү жана маданий иш-чараларга катышуусу боюнча сунуштарын ортого салды.
Ошондой эле, Таджикстан Республикасында өтүп жаткан Достук фестивалына Кадамжай районунун жаштарынын катышуусу талкууланып, бул иш-чаранын жаштар үчүн мааниси жана эки өлкөнүн достук алакаларын чыңдоодогу ролу баса белгиледи. Аким Баяке уулу Болоткан жаштардын мындай эл аралык иш-чараларга активдүү катышуусу маанилүү экенин белгилеп, райондук бийлик тарабынан колдоого ар дайым даяр экенин айтты. Аким Жаштар кеңешинин алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Маалымат үчүн Кадамжай районунан Тажикстан Республикасына 12 ге жакын жаштар жөнөп жатышат.