Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатқан жаңы ГЭС колдонууга берилди
Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагында курулган “Базарбай ата” чакан гидроэлектр станциясынын (ГЭС) курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Шаменов, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана аймактын тургундары катышты.
Жаңы курулган ГЭСтин биринчи агрегаты тесттик этаптан өтүп, туруктуу эксплуатацияга киргизилип, кубаттуулугу саатына 200 кВтты түзөт. ГЭСтин ишке кириши Майдан айыл аймагына жана коңшу айылдарда электр энергиясына болгон муктаждыкты азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, жеке ишкер тарабынан долбоорго 8 миллион сом өлчөмүндөгү жеке инвестиция тартылып, станциянын иштеши менен жергиликтүү 10 жаран туруктуу жумуш орду менен камсыз болду.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы аймактагы энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди мындан ары да колдоого даярдыгын билдирет.









