Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунун Кадамжай шаарында ата-бабалардын эстелиги орнотулган аянтта Кыргыз Республикасынын туусу көтөрүлүп, 5-март – Ак калпак күнү белгиленди.
Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы- аким Болоткан Баяке уулу, райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Алгач аянтта мамлекеттик гимн жаңырып, өлкөнүн эгемендүүлүгү даңазаланды. Андан соң Кыргыз Республикасынын туусу 12 метр бийиктикке көтөрүлдү.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Ак калпак күнү да белгиленип, кыргыз элинин салт-санаасы, маданияты жана улуттук баш кийим болгон ак калпактын мааниси тууралуу сөздөр айтылды. 













