Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Арпа-Сай орто мектебинин кошумча имараты пайдаланууга берилгендиги тууралуу

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Арпа-Сай орто мектебинин кошумча имараты пайдаланууга берилди.
Буга чейин бул мектепте класс каана жетишпей көйгөй жаралып келген.
Учурда кошумча 100 орундуу мектеп имараты “Ассанабиль” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып пайдаланууга берилди.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы- аким Болоткан Баяке уулу кайрымдуулук фонддун жетекчиси Мухаммад Абдул Каримге ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташтыкта иш алып барууну белгиледи.