Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 2024-жылдын жыйынтыгы менен коллегиялык жыйын өткөрүлдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 2024-жылдын жыйынтыгы менен коллегиялык жыйын өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.:

1. Кадамжай районунун аймагында 2024- жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы.

2. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” №67 Мыйзамын, КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы №98 буйругунун талаптарына ылайык, атуулдардын арыз- даттануулары, жогорку органдардан келген иш кагаздары менен иштөөну уюштуруу боюнча Айдаркен, Кадамжай шаардык мэрияларында, Бирлик, Орозбеков айыл өкмөттөрүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.

3. Айдаркен, Кадамжай шаардык мэрияларында, Бирлик, Орозбеков айыл өкмөттөрүнүн айыл өкмөттөрүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматы жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарынын аткарылыш абалы жөнүндө.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы №20-б буйругу менен бекитилген “Санарип Кыргызстан-2021-2023” цифралык трансформациялык Концепциясын ишке ашыруу боюнча райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын, райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө иштеринин абалы жөнүндө

5. Ар түрдүү маселелер.