Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында социалдык контракт алуучулардын долбоорлорун кароо боюнча кезектеги олтурум болуп өттү
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында социалдык контракт алуучулардын долбоорлорун кароо боюнча кезектеги олтурум болуп өттү. Жыйынга убактылуу комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү катышышты.
Отурумдун жүрүшүндө социалдык контрактка өтүнмө берген жарандардын долбоорлору талкууланып, алардын социалдык жана экономикалык маанилүүлүгү, ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жана жергиликтүү шартка ылайыктуулугу каралды. Ар бир долбоор боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, айрым жарандарга кошумча документтерди тактап берүү тапшырмасы коюлду.
Социалдык контракттын негизги максаты – калктын социалдык жактан муктаж катмарына колдоо көрсөтүү, алардын өз алдынча киреше табуусуна шарт түзүү жана жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин жакшыртуу болуп саналат.




