Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында социалдык заказды ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча жыйын болуп өттү
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында социалдык заказды ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча жыйын болуп өттү. Ага райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери жана социалдык заказды ишке ашыруучу «Бостон-Күлдү ынтымагы» коомдук бирикмеси менен «Академия Роста-Кадамжай» борборунун өкүлдөрү катышты.
Социалдык заказдын максаты:
• Калктын социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү;
• Мамлекет менен жарандык коомдун кызматташтыгын өркүндөтүү;
• Жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринде чечүүдө мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүгүн толуктоо.
