Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу Ак-Турпак жана Молдо Нияз айыл өкмөттөрүнө иш сапары менен барып, айыл өкмөтүнүн башчылары жана айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык абалы, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы милдеттер талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги актуалдуу маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, аким айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери менен аппараттык кеңешме өткөрдү. Кеңешменин алкагында кызматкерлердин ишмердүүлүгү каралып, кызматтык милдеттерди так жана сапаттуу аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйынтыгында, коюлган милдеттерди өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.