Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулу Кыргыз-Кыштак айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда айыл тургундары социалдык, экономикалык жана суу маселелери боюнча көйгөйлөрүн ортого салышып, айрыкча таза суу менен камсыздоо, сугат суу жетишсиздиги жана жолдордун абалы боюнча маселелер көтөрүлдү.

Аким жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте бул маселелерди чечүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгилеп, мамлекеттик программалар жана инвестициялар аркылуу колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү караларын айтып, айыл тургундары жетекчилик менен ачык пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө ыраазычылык билдиришип, көтөрүлгөн маселелер жакынкы аралыкта чечилет деген үмүттөрүн билдиришти.