Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызматына киришти.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын №141-Тескемесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Айтматов Мирланбек Мусаевич Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары болуп дайындалды.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басарын райондун активине бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев тааныштырды.