Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Айтматов Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышты

Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин учурдагы абалы, окуу-тарбия процессинин уюштурулушу, материалдык-техникалык базасы, санитардык талаптардын сакталышы жана ремонт иштеринин жүрүшү жеринен каралды.

Ошондой эле мектеп жана бала бакча жетекчилери менен жолугушуп, мекемелердин ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана чечүүнү талап кылган көйгөйлөрү боюнча пикир алышуу болду.

М. Айтматов билим берүү тармагындагы эң негизги багыттардын бири – балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, сапаттуу билим берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу экенин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге аныкталган маселелер боюнча зарыл чараларды көрүү жана алардын аткарылышын көзөмөлгө алуу боюнча тапшырмаларды берди.

Райондук мамлекеттик администрация тарабынан билим берүү мекемелеринин ишин жакшыртуу, окуучулар жана тарбиялануучулар үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү багытындагы иштер мындан ары да улантылат.