Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай шаарында азык-түлүк жарманкеси уюштурулуп жатат.

Кадамжай шаарында азык-түлүк жарманкеси уюштурулуп жатат.

Бүгүн, Кадамжай шаарынын А. Жалилов көчөсүндө азык-түлүк жарманкеси өткөрүлүп, Кадамжай районунун аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана жарандарга базар баасынан төмөн баада сапаттуу азык-түлүк сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында уюштурулду.

Жарманкеде район аймагындагы жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрү, ишкерлер жана кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын сунуштоодо. Катышуучулар тарабынан эт, сүт, жашылча-жемиш, ун, май жана башка керектүү азык-түлүк товарлары арзандатылган баада сатылууда.

Бул иш-чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого, элге жеткиликтүү баада сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого багытталган.

Маалымат үчүн:

Жарманке күнү бою уланат жана бардык каалоочулар үчүн ачык.