Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай жаштар кеңешинин алгачкы акысыз окутуулары башталды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана ошондой эле Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун колдоосу менен мамлекеттик социалдык буюртманы аткаруу максатында Кадамжай жаштар кеңешинин алгачкы акысыз окутуулары башталды.
Жаштардын жайдын ысык күндөрүнө карабастан кошумча билим алуу менен алек болуп жаткандыгын көрүп Кыргызстандын эртеси ишеничтүү колдордо деп жүрөк жыйылыйт эмеспи.
Учурда жүрүп жаткан акысыз окутууларыбыз 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштарга чындыгында жакшы мүмкүнчүлүк десек болот. Баса белгилей кетүүчү нерсе мунун баары мамлекет тарабынан каржыланып, жаштарга берилген мүмкүнчүлүк жана жаратылган шарт деп айтууга болот!
Андыктан сиз да биздин акысыз окуу курстарыбызга катышып, кошумча билим алууга шашылыңыз!