Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай жаштар кеңешинин мүчөлөрүн жана ыктыярчыларын Жогорку Кеңештин депутаты Муратбеков Табылды Муратбекович кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал Кадамжай районунда жаштар багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын өзгөчө белгилеп, бул ийгиликтер жергиликтүү бийликтин, айрыкча район акими Болоткан Баякеевичтин жүргүзүп жаткан саясатынын жогорку деңгээлде экендигинен кабар берерин айтты.

Мындай аракеттер ар тараптан жогорку баага татыктуу болуп, дал ушундай колдоо бар жерде ар бир тармак сөзсүз өнүгөрү талашсыз деди депутат.

Ошондой эле ал Кадамжайдагы жаштардын тез темп менен өнүгүп жатканын белгилеп, бул тажрыйбаны өлкөнүн башка аймактарына үлгү катары көрсөтүп, өнүгүүнүн модели катары жайылтуу зарылдыгын билдирди.

Жыйынтыгында эл өкүлү өзүнүн жана Жогорку Кеңештин төрагасы Маматалиев Марлен Абдырахмановичтин атынан жаштарга ыраазычылык каттарын тапшырды.