Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжайда 1-июнь — Балдарды коргоо күнү белгиленди

2025-жылдын 1-июнь күнү Кадамжай районунда Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Иш-чараны Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, Кадамжай шаарынын мэриясы жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы биргелешип уюштурду.

Майрамдык иш-чарага район аймагындагы өзгөчө камкордукка муктаж балдар катышышты. Алар үчүн атайын даярдалган концерттик программа көрсөтүлүп, цирк өнөрпоздору тарабынан кызыктуу номерлер тартууланды. Балдарга майрамдык маанай тартуулоо менен катар, уюштуруучулар тарабынан белектер да тапшырылды.

Бул иш-чара балдардын жүзүнө кубаныч тартуулап, алардын көңүлүн көтөрүп, коомдогу ар бир баланын өзгөчө камкордукка татыктуу экенин дагы бир жолу баса белгиледи.