Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжайда экинчи токой жайгаштыруу боюнча кеңешме өттү
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Токой аңчылык жайгаштыруу регион аралык башкармалыгынын демилгеси менен, Кадамжай районунун мамлекеттик токой фонду жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринен тышкары токойлор боюнча экинчи токой жайгаштыруу кеңешмеси өткөрүлдү.
Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси М. Абдураимов, Токой кызматынын директорунун орун басары Т. Садыров, Токой кызматынын адистери жана тиешелүү райондук мекемелердин кызматкерлери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө, жергиликтүү токойлорду сактоо, алардын экономикалык жана экологиялык маанисин күчөтүү, ошондой эле коомчулукту тартуу боюнча сунуштарды талкуулашты.
Жыйындын максаты – токой чарбачылыгын өнүктүрүү жана региондогу жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу.




