Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжайда коопсуздук текшерүүлөрү жүргүзүлүүдө

2025-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай райондук бөлүмү тарабынан район аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана тобокелчиликтерди азайтуу багытында бир катар атайын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Атап айтканда, бөлүм тарабынан район аймагында жайгашкан май куюучу бекеттерде, коомдук тамактануучу жайларда, базарларда жана эл көп чогулган башка объектилерде өрт коопсуздугуна жана жалпы коопсуздук чараларына ылайык текшерүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кооптуу жагдайлар аныкталып, аларды жоюу боюнча обьект ээлерине мыйзам чегинде эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр берилди.

Мындай алдын алуу иш-чараларынын негизги максаты – жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу болуп саналат.

Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү мындай иштерди 2025-жыл ичинде пландуу түрдө уланта берет.