Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
КАМСЫЗДАНДЫРУУ — КООПСУЗДУКТУН КЕПИЛИ!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы №79 Жарлыгынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги алдында тийиштүү иштер жүрүүдө.
Аймактардагы жарандардын мүлкүн, айрыкча турак жайларын жана автоунааларын камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында конкреттүү кадамдар ташталууда.
Ар бир жаран өз мүлкүн камсыздандыруу аркылуу күтүлбөгөн тобокелчиликтерден корголот!
Урматтуу тургундар! Өзүңүздөрдүн жана үй-бүлөңүздөрдүн келечеги үчүн турак жайыңыздар менен автоунааларыңызды камсыздандырууну унутпаңыздар!