Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кезектеги аппараттык кеңешме видео-конференциялык байланыш (ВКС) форматында өткөрүлдү.

Аппараттык кенешмеге Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, райондогу мекеме ишкана жетекчилери, шаар мэрлери,айыл өкмөт башчылары катышып төмөнкү маселелер каралды:
• Акимдин айыл аймактардагы элдик жыйындарынын протоколдорунда көрсөтүлгөн сунуш-пикирлердин жана тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалыматтар;
• Айыл аймактардагы катуу тиричилик калдыктарын (КТК) таштоочу жайлардын санитардык абалы жана алардын тиешелүү уруксат берүүчү жана каттоо кагаздары менен камсыздалышы;
• Район аймагындагы мектеп жана бала бакчаларда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин абалы жана сапаты;
• Жол жээктериндеги мыйзамсыз соода-сатык иштерине каршы көзөмөл иш-чараларын күчөтүү жана тиешелүү чараларды көрүү;
• Райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жаткан долбоорлордун аткарылышынын жүрүшү;
• Дем берүүчү гранттардын эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун учурдагы абалы жана натыйжалуулугу.
Аким Б.Баяке уулу кеңешменин жүрүшүндө ар бир маселени өзүнчө карап чыгып, тиешелүү жетекчилерден так жана жоопкерчиликтүү иштерди талап кылды.
Кеңешменин жыйынтыгында бардык жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар жүктөлүп, алардын аткарылышы боюнча көзөмөл күчөтүлө турганы маалымдалды.