Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кожо-Кайыр каналы толугу менен оңдоп түзөөдөн өттү.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары кызматы тарабынан Кадамжай районундагы Кожо-Кайыр каналы толугу менен реабилитацияланып, сугат суу жеткирүү системасынын натыйжалуулугу жогорулады.
Узундугу 31 км болгон канал Майдан жана А.Масалиев айыл аймактарындагы 5866 гектар айдоо аянтын сугат суу менен камсыздайт. Акыркы жылдары каналдын техникалык абалы начарлап, суу жоготуусу жогорулап, сыйымдуулугу азайып кеткен. Бул болсо дыйкандардын жана жергиликтүү тургундардын сугат сууга жеткиликтүүлүгүнө терс таасирин тийгизген.
Бул маселени чечүү максатында Кожо-Кайыр каналы Азиялык Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан “Суу секторунда климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу” пилоттук долбоорунун алкагында толук реабилитациядан өткөрүлдү.
Бардык жумуштар 100% деңгээлде бүткөрүлүп, сугат системасы толук калыбына келтирилди. Мындан тышкары, долбоордун алкагында райондук суу чарба башкармалыгына 2 даана атайын техника тапшырылды.
Бул долбоор дыйкандар үчүн сугат суунун үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздап, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт.