Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

КР Президенти Садыр Жапаровдун 29.01.2026-ж. №20 “2026-жылга Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Кадамжай районунун аймагында 2026-жылдын 11–13-март күндөрү команда-штабдык машыгуу өткөрүлүүд

Машыгуунун алкагында Исхак-Полотхан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылында сел өтүүчү сайдын 250 метр нугун экскаватор менен тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада 50дөн ашык турак үй, 12 га огород жерлери, 10 га айыл чарба жерлери, 1800 м ички чарбалык жол, 900 м арык, 1 ФАП, 1 трансформатор жана 1 мечит корголду. Ишке 2 техника тартылды.

Мындан тышкары сел өтүүчү сайлардын нугун тазалоо иштери төмөнкү аймактарда жүргүзүлдү:

Майдан айыл аймагы, Майдан айылы – Ак-Чечек сайынын 300 м нугун тазалоо.

Корголот: 25тен ашык турак үй, 8 га огород жерлери, 600 м ички чарбалык жол, 400 м арык.

Үч-Коргон айыл аймагы, Тегирмеч айылы – сел өтүүчү сайдын 300 м нугун тазалоо.

Корголот: 25тен ашык турак үй, 8 га огород жерлери, 600 м ички чарбалык жол, 400 м арык.

Жалпы: иштерге 3 экскаватор жана 3 самосвал техникасы тартылды.