Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

КУЛАКТАНДЫРУУ!

Урматтуу Кадамжай районунун тургундары!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 сандуу токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2025-жылдын 28-майындагы № 284 токтомуна ылайык, райондун аймагындагы мунапыс объектилерине кирген мыйзамсыз курулуштар боюнча

2025-жылдын 28, 29 жана 30-июнунда саат 24:00гө чейин жарандардын арыздарын кабыл алууну уюштуруп, 2025-жылдын 1-июлунан тартып арыздар кабыл алынбастыгын билдиребиз.

Ошондуктан, эгерде сиз 2021-жылга чейин турак жай куруп, жашап жатсаңыз же жашоо максатында курулган объектилериңиз бар болсо, анда чечим чыгаруу үчүн керектүү документтерди райондук мамлекеттик администрациясына тапшыруу зарыл экендигин маалымдайбыз.

Эскерте кетебиз: белгиленген мөөнөттөн кечикпөө өтө маанилүү!

Кошумча маалымат алуу үчүн жашаган жериңиздеги айыл өкмөтүнө же шаардын мэриясына кайрылсаңыз болот.