Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кургак учуктун алдын алуунун бир айлыгы

Кургак учук илдетинин алдын алуу максатында район аймагында айылдарда рентгендик медициналык кароодон өткөрүү иш-чарасы Кадамжай ЖДПБнун директору С.И. Кааровтун демилгеси менен уюштурулуп өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты – калктын ден соолугуна кам көрүү, кургак учук оорусун эрте аныктоо жана алдын алуу болуп саналат. Бул максатта Баткен облусунан көчмө мобилдик рентген аппараты менен тажрыйбалуу фтизиатр дарыгерлер Исхак-Полотхан, Молдо Нияз жана Майдан айыл аймагынын тургундарын акысыз текшерүүдөн өткөрүштү жана калган айыл аймактарда да жүргүзүлмөкчү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай ЖДПБнун ден соолукту чыңдоо каанасынын (ДЧК) адистери тарабынан март айынын өзүндө кургак учук оорусунун алдын алуу боюнча район аймагында 50дөн ашуун семинарлар өткөрүлдү.

Семинарларда кургак учук оорусунун белгилери, жугуу жолдору жана алдын алуу чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык баракчалар таратылууда. Андан сырткары Кадамжай районунун оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери, кала берсе айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү тарабынан да элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындай иш-чаралар калк арасында ооруну эрте аныктоого жана ден соолукту коргоого чоң өбөлгө түзөт.