Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 15-ноябрь күнү Кадамжай районунун аймагында массалык ишембилик өткөрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 15-ноябрь күнү Кадамжай районунун аймагында массалык ишембилик өткөрүлүүдө.
Ишембилике район аймагындагы мекеме-ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы райондук ишембиликке активдүү катышып, аймактарды таштандылардан тазалоо, жол жээктерин иретке келтирүү иштерин аткарышууда.
Иш-чаранын негизги максаты – айлана-чөйрөнү таза сактоо, калктын санитардык маданиятын жогорулатуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.













