Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кызматтык дайындоо

Кааров Султанбек Исламбекович Кадамжай жалпы дарыгердик практикалык борборунун башкы дарыгери болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Э.М. Чечейбаев кол коюп, жаңы жетекчи эмгек жамаатка расмий түрдө тааныштырылды.

С. Исламбекович саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ, өз ишине берилген, калктын ден соолугун сактоо багытында тынымсыз жана жоопкерчиликтүү эмгектенип келе жаткан жогорку квалификациялуу адис катары бааланып келет.

Жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалап, калктын саламаттыгын сактоо жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы ишмердүүлүгүндө жетишкендиктерди тилейбиз.