Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кызматтык дайындоо

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 18–24-беренелерине ылайык, 2025-жылдын 8-июлунан тартып Балтабаев Абазбек Мамасабырович Кадамжай райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Э.М. Чечейбаев кол коюп, жаңы дайындалган жетекчи эмгек жамаатка расмий түрдө тааныштырылды.

А. Мамасабырович – өз ишине берилген, жогорку кесипкөйлүккө ээ, тажрыйбалуу жетекчи. Ал буга чейин бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап, саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип келген.

Жаңы дайындалган жетекчиге ийгилик каалап, калктын саламаттыгын сактоо жана районубуздун санитардык-эпидемиологиялык абалын жакшыртуу багытында мындан ары да жемиштүү иш алып баруусуна ишеним артабыз.