Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Майдан айыл аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында катталып жаткан кылмыштуулук, суицид, эрте никеге туруу боюнча жыйын уюштурулду

2025-жылдын 21-январында Майдан айыл аймагынын 33 Кесиптик лицейинде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында катталып жаткан кылмыштуулук, суицид, эрте никеге туруу боюнча атайын жыйын уюштурулуп өткөрүлдү.

Жыйынга айыл аймактын тургундары, кесиптик окуу жайдын билим алуучуларынын ата-энелери, мугалимдери жана тиешелүү кызматтар катышты.