Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Мамлекеттик тил күнүнө карата "Сармерден" оюн-зоок иш-чарасы өткөрүлүп жатат
Райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен Дыйкан жана Б.Садыков атындагы мектептердин мугалимдери арасында Мамлекеттик тил күнүнө карата "Сармерден" оюн-зоок иш-чарасы өткөрүлүп жатат.
Бул иш-чара мамлекеттик тилдин маанисин даңазалоо, мугалимдердин маданий активдүүлүгүн арттыруу жана улуттук салт-санааларды жайылтуу максатында уюштурулууда. "Сармерден" оюнунун алкагында катышуучулар акыл таймашууларын өткөрүп, улуттук ыр-күүлөр аткарылып, салттуу оюн-зооктор тартууланууда.









