Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Масалиев айыл аймагынын Какыр айылында жеринде жыйын өткөрүлдү

Масалиев айыл аймагына караштуу Какыр айылынын тургундары менен Кадамжай районунун акими тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жеринде жолугушуу өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар көтөргөн маселелер угулуп, суу, жолдордун абалы жана башка инфраструктуралык маселелер талкууланды. Тургундар тарабынан айтылган сунуштар жана суроолор тийиштүү мекеме жетекчилери тарабынан жеринде каралып, бир катар маселелерди чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Аким өз сөзүндө жеринде жыйын өткөрүүнүн максаты – элдин көйгөйүн түз угуп, чечүү жолдорун тез арада аныктоо экенин белгилеп өттү.