Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

«Мекенди сүйүү тазалыктан башталат» деген ураан алдында Кадамжай жаштар кеңешинин мүчөлөрү жана ыктыярчылары массалык ишембиликке активдүү катышышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө жаштар айлана-чөйрөнү тазалоо иштерин жүргүзүп, коомдук жайларды иретке келтирүүгө өз салымдарын кошушту. Мындай демилгелер жаштарды тазалыкты сактоого чакырып, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үндөйт.

Ошондой эле бул иш-чара жаштар арасында мекенчилдикти, жарандык жоопкерчиликти жана коомго пайдалуу болуу сезимин кал