Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Молдо Нияз айыл өкмөтүндө коомдук маселелерди талкуулаган элдик жыйын болуп өттү

Молдо Нияз айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын жана сунуштарын түз угуу максатында элдик жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.Баяке уулу, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү:

1. Айыл ичиндеги жолдордун оңдолушу

2. Таза суу маселеси

3. Жарыктандыруу жана инфраструктуранын абалы

4. Жаштарды колдоо жана социалдык жардамдар боюнча суроолор

Элдик жыйындын жыйынтыгында маселелерди чечүү багытында тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.