Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДА БОЛУП ӨТТҮ.
Облустук олимпиада-2026
ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДА БОЛУП ӨТТҮ.
2026-жылдын 27-февралында Кадамжай районундагы "Сапат" Эл аралык билим берүү мекемесинин "Семетей лицей" филиалынын базасында Баткен облусу боюнча предметтик олимпиаданын биринчи туру башталды. Ага облус аймагынан келген окуучулар билим таймашында күч сынашты.
Олимпиаданын катышуучуларын Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары М. Айтматов куттуктап, билимге умтулган жаштар көбөйүүсүн каалады.
Олимпиаданын жыйынтыгында интеллектуалдык денгээли жогору, билимдүү балдар республикалык олимпиадага жолдомо алышат.



