Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Орозбеков айыл аймагында сел өтүүчү сайлардын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Орозбеков айыл аймагына караштуу Кулду, Кудук жана Таза-Суу айылдарында сел коркунучунун алдын алуу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында сел өтүүчү сайлардын нугун тазалоо иштери аткарылууда.
Аталган иштердин алкагында сайлардын нугу кеңейтилип, топтолгон ылай, шагыл жана башка тоскоолдуктар тазаланууда. Бул иш-чаралар сел сууларынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылып, турак жайларды, социалдык объектилерди жана айыл чарба жерлерин мүмкүн болуучу зыяндардан коргоого багытталган.
Тазалоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, ошондой эле айыл тургундары үчүн коопсуз шарттарды түзүү көздөлүүдө.


