Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Ош шаарында жыл сайын салтка айланган “Ынтымак жумалыгы” иш-чарасы өттү

Ош шаарында буга чейин жыл сайын салтка айланган “Ынтымак жумалыгы” иш-чарасы өтүп, ага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Айтматов жана Кадамжай жаштар кеңешинин мүчөлөрү катышышты.

Иш-чаранын алгачкы күнүндө жаштар багытында аткарылып жаткан иштер, алардын жетишкендиктери жана кемчиликтери талкууланды. Ошондой эле “Тынчтыкты курууда жаштардын ролу жана орду” деген темада панелдик сессия өткөрүлүп, суроо-жооп форматында терең талкуу жүргүзүлдү.

Экинчи күнү IDEM долбоорунун алкагында Баткен жана Ош шаарларында жаштар тарабынан ишке ашырылган 18ден ашык демилгенин аткаруучулары менен жолугушуу уюштурулду. Анда ар бир топ өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, келген коноктор менен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алды.

Бул жолугушууда Кадамжай районунун жаштар кеңеши эң ири жана масштабдуу долбоорду ийгиликтүү ишке ашырганы менен айырмаланып, артыкчылыктуу баага ээ болду.

Учурдан пайдаланып долбоордун өнөктөштөрү — “Тынчтык демилгелери” коомдук фондуна, ДИА уюмуна жана Saferworld уюмуна ыраазычылык билдиребиз.