Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Район аймагында массалык ишембилик өткөрүлдү
2026-жылдын 14-февралында район аймагында массалык ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке район аймагындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар активдүү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө борбордук көчөлөр, коомдук жайлар жана мекеме-ишканалардын айланасы тазаланып, аймактын санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар аймактын тазалыгын камсыз кылууга жана коомдук жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган.







