Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Район аймагында сууга чөгүү жана өрт кырсыктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулунун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын башынан тарта район аймагында сууга чөгүү жана өрт кырсыктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери системалуу түрдө жүргүзүлүп келүүдө.
Бул иш-чаралардын алкагында жаш өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен профилактикалык жолугушуулар уюштурулуп, коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматтар берилүүдө. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар жана жарнамалык баннерлер аркылуу кеңири маалымат таратуулардын негизинде калктын коопсуздук маданиятын жогорулатууга багытталган иштер улантылууда.
Мектептерде, бала бакчаларда, айыл аймактарында жана эл көп чогулган жайларда өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүп, тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөл күчөтүлгөн.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы жарандарды өз өмүрүнө жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга, коопсуздук эрежелерин катуу сактоого чакырат.