Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Табигый кырсыктардын алдын алуу жана тобокелчиликти азайтуу максатында бир катар иш-чаралар ийгиликтүү аткарылды.

2025-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай райондук бөлүмү тарабынан табигый кырсыктардын алдын алуу жана тобокелчиликти азайтуу максатында бир катар иш-чаралар ийгиликтүү аткарылды.

Тактап айтканда:

Майдан айыл аймагындагы Кереге-Таш айылында сел жүрүү коркунучу бар сайдын 220 метр аралыгы тазаланды;

Бирлик айыл аймагына караштуу Чечме айылындагы сел өтүүчү сайдын 480 метр бөлүгү толук тазаланды;

Ошондой эле Чечме айылындагы жана Сур айылындагы сел жүрүү коркунучу бар сайлар тазаланып, 150 даана габион орнотулуп, сайдын жээги бекемделди.

Бул иштер район аймагындагы калктын жана инфратүзүм объектилеринин коопсуздугун камсыз кылууга, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган.