Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Тарифтик саясат.

2025-жылдын 18-мартында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Коргонбаевтин жетекчилиги астында «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндөгү» токтом долбоору боюнча коомдук талкуу болуп өттү. Коомдук талкууга Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана энергетикалык компаниялардын кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан райондук мекеме ишканалардын жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана жергиликтүү тургундарга тарифтик саясат боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.