Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Таза айлана — дени сак жашоо

2025-жылдын 22-ноябрында район аймагында жалпы ишембилик өткөрүлүп, ишембиликке мекеме жана ишкана жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар активдүү катышышты.

Ишембилик учурунда коомдук жайлар, негизги жана ички көчөлөр иретке келтирилип, айлана-чөйрөдөгү таштандылар толугу менен чыгарылды.

Ошондой эле тротуарлар, көп кабаттуу үйлөрдүн короолору, эс алуу аянтчалары жана жашылдандырылган тилкелер тазаланып, чөбү чабылып, таштандылар атайын техникалар аркылуу чыгарылды.