Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Таза суу боюнча жыйын өткөрүлдү

2024-жылдын 11-декабрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары кызматынын Ичүүчү суу жана саркынд суу менен камсыз кылуу боюнча департементинин Баткен облусу боюнча өкүлү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана жаңыдан уюшулган муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн жолгушуусу өткөрүлдү. Жолугушууда аймактагы айылдарды ичүүчү таза суу менен мындан ары камсыз кылуу, андан тышкары учурдагы таза суу боюнча аймактагы ири долбоорлордун жүрүшү жөнүндө талкуу болду. 2024-жылдын жыйынтыгы менен райондогу 5 айылды жана 2025-жылда 15 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда.