Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Тазалык-ыймандын тең жарымы

2025-жылдын 12-июль күнү Кадамжай районунун аймагында райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү.
Иш-чарага райондук жана айыл аймактык мекеме-уюмдардын кызматкерлери, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы өкүлдөр, жаштар, жергиликтүү тургундар катышты.
Ишембилик алкагында коомдук жайлар, жол жээктери, билим берүү мекемелеринин жана саламаттыкты сактоо объектилеринин айланалары тазаланып, бак-дарак тегеректери ирээтке келтирилди. Мындан сырткары, айрым көчөлөрдө жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлдү.
Ишембиликтин негизги максаты – аймакты көрктөндүрүү, экологиялык тазалыкты сактоо жана коомчулуктун тазалыкка болгон жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.