Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Үч-Коргон айыл аймагында бейтаптарга жеткиликтүү медициналык тейлөө үчүн жаңы оорукана курулат

2025-жылдын 1-октябрында Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында 90 орундуу жаңы оорукана курулушунун капсуласын салуу аземи болуп өттү. Бул ири социалдык долбоордун башталышы айылдагы жана жакынкы аймактардагы жашоочулар үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыздоого багытталган.

Иш-чарага Кувейт мамлекетинен келген— Ассанабиль коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Мохамед Абделкарим, Шейх Абдулла Нурий уюмунун жетекчиси Валид Ас-Сейф жана орун басары Абдулатиф Даувас катышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ташбалтаев, Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу жана жергиликтүү тургундар катышты.

Курулуш Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун базасында жүргүзүлөт. Долбоорго ылайык, заманбап стандарттарга жооп берген оорукана типтүү үлгүдө салынып, аймактын саламаттыкты сактоо инфраструктурасын жакшыртууга олуттуу салым кошот.

Жаңы оорукананын курулушу Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нурий уюмунун каржылоосу менен ишке ашырылып, эл аралык кызматташтыктын алкагында ишке ашууда. Типтүү оорукана аймактын инфраструктурасынын өнүгүшүнө салым кошуп, негизги багыты бейтаптарга жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу болуп саналат.