Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Үч-Коргон айылында жол жээктериндеги соода түйүндөрүн жана жарнамаларды иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулунун жетекчилигинин алдында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Үч-Коргон айылында жол жээктериндеги соода түйүндөрүн, көрнөк-жарнактарды жана жарнамаларды ирээтке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты – мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды жана тартипсиз жайгашкан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, айылдын көркүн арттыруу жана коомдук тартипти сактоо болуп саналат. Тиешелүү мекеме-орган өкүлдөрү соода субъекттерине жана жарнама жайгаштырган жарандарга мыйзам талаптары түшүндүрүлүп, тартипти сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.