Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Уч-Коргон, Масалиев, Майдан айыл өкмөттөрүндөгү катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жайлардын абалына жеринде мониторинг жүргүзүлдү.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Уч-Коргон, Масалиев, Майдан айыл өкмөттөрүндөгү катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жайлардын абалына жеринде мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө полигондун учурдагы абалы каралып, санитардык талаптарды сактоо, таштандыларды иреттүү жайгаштыруу, аймактын тазалыгын камсыз кылуу жана экологиялык талаптарды аткаруу маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга аймакты тазалоо иштерин күчөтүү, полигондун ишин тартипке келтирүү, санитардык талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана аныкталган маселелерди ыкчам чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Берилген тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Урматтуу Кадамжай районунун тургундары!
Таза айлана-чөйрө – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Таштандыларды атайын белгиленген жайларга гана таштап, жаратылышка аяр мамиле кылууга жана тазалыкты биргелешип сактоого чакырабыз.

